2024-жылы Кыргызстанда жашы жете электер жасаган 1552 кылмыш катталган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Бир жыл аралыгында милициянын профилактикалык каттоосуна 3 862 өспүрүм алынган. Балдар жасаган кылмыш ишинин басымдуу бөлүгү уурулук болгон. Ошол эле учурда балдарга каршы 1 655 кылмыш иши катталган. Былтыр өспүрүмдөр арасындагы мушташтан адам өлгөн эки учур, 2025-жылдын башынан берки 1,5 айда үч учур катталды. Бул иштер боюнча тергөө жүрүп жатат. Мындан тышкары «ден соолукка оор залал келтирүү» фактылары боюнча бардык учурлар боюнча кылмыш иштери козголгон.