"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

2026-жылдан баштап бийик тоолуу аймактардагы балдарга жөлөк пул берилет

2026-жылдын 1-январынан тарта бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын жөлөк пул төлөнө баштайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жөлөк пул айрыкча өзгөчө статусу бар чек ара аймактарындагы үй-бүлөлөргө да каралган. Тактап айтканда, мындай аймактарда жашаган үй-бүлөнүн үчүнчү жана андан кийинки төрөлгөн баласына 3 жашка чыкканга чейин ай сайын 3000 сом өлчөмүндө жөлөк пул берилет.

Министрлик жөлөк пул үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына жана райондук коэффициентке карабастан, туруктуу жашаган жерине жараша дайындала турганын белгиледи.

«Жөлөк пулду алуудагы негизги талап — үй-бүлөнүн бийик тоолуу же жетүүгө кыйын райондордо жашашы», — деп айтылат расмий маалыматта.

Азыркы тапта мыйзамды ишке ашыруу үчүн тиешелүү ченемдик-укуктук акт долбоору даярдалып, президенттин администрациясына кароого жөнөтүлгөнү кабарланды.