"Эркин-Тоо"

22 ооруканага баланын угуусунун начарлашын эрте аныктаган жабдуулар берилди

Кыргызстанда 22 ооруканага ымыркайдын жана балдардын угуусунун начарлашын эрте аныктаган жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

«Буга чейин 150дөн ашык медицина кызматкерлери жабдууларды туура жана натыйжалуу пайдалануу үчүн окуудан өткөн. Эми өлкөнүн түштүгүндөгү ата-энелер Бишкекке эмес, Ошко келип балдарынын угуу боюнча көйгөйлөрдү аныктай алышат», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары,  Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жана Ош облустар аралык балдар ооруканасы комплекстүү диагностика жүргүзүүчү жабдуу алышты.

Белгиленгендей, жабдуулардын жалпы баасы 8,6 млн сомду (99 миң АКШ долларын) түзгөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!