Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 24-майга караган түнү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Талас жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүзү Ысык-Көл облусунун көпчүлүк бөлүгүндө, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет. Ысык-Көл жана Нарын облустарында күндүзү шамалдын ылдамдыгы 15–20 м/сга чейин жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
-
Чүй облусу: түнкүсүн +11…+16°C, күндүзү +24…+29°C;
-
Талас облусу: түнкүсүн +8…+13°C, күндүзү +25…+30°C;
-
Баткен облусу: түнкүсүн +15…+20°C, күндүзү +26…+31°C;
-
Ош, Жалал-Абад облустары: түнкүсүн +15…+20°C, күндүзү +26…+31°C;
-
Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +7…+12°C, күндүзү +19…+24°C;
-
Нарын облусу: түнкүсүн +5…+10°C, күндүзү +21…+26°C;
- Бишкек шаарында: түнкүсүн +14…+16°C, күндүзү +26…+28°C болот.