"Эркин-Тоо"

24-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору тараткан маалыматка караганда, 24-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 15…20,

Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 9…14.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 18…20 градус болот.24

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!