"Эркин-Тоо"

25-апрель күнү Бишкектин айрым жерлеринде таза суу өчүрүлөт

2025-жылдын 25-апрелинде саат 09:00дөн 00:00гө чейин Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы маалымдап, Матросов, Медеров жана Горький көчөлөрүнүн бир бөлүгүндө суу убактылуу өчүрүлөрүн билдирди.

«Бишкек суу канал» башкармалыгы: «Суунун токтотулуш себеби диаметри 273 мм болгон суу түтүгүн авариялык оңдоого байланыштуу. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана мекеме-уюмдардан, калктан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранабыз», — деди.