Анткени 25-октябрдан 27-октябрга чейин ордо калаада КМШ, ШКУ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын жарандарына унаа менен шаарга чыгуудан баш тартууну сунуштайт. Жогорку даражадагы коноктордун келишине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет. Андан улам узак тыгындар орун алышы ыктымал.