"Эркин-Тоо"

2,5 жылдан бери изделип жаткан шектүү аял кармалды

Алдамчылыкка шектелип 2,5 жылдан бери изделип жүргөн шектүү аял кармалды, деп билдирди 5-апрелде Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы.

Арыз ээси А.А. милиция кызматкерлерине 2020-жылдын 24-октябрында кайрылган. Анын айтымында, 28 миң доллар акчасы менен жер тилкесин таанышы С.К. ээлеп алган. Ал Ысык-Ата районунда жайгашкан турак жайды документ аркылуу берүүнү убадалап, бирок алдап кеткен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү 1979-жылы туулган С.К. экени такталып, издөөгө алынган болчу.

Октябрь райондук соту сыртынан өкүм чыгарып, 15 күнгө камакка алуу чечимин кабыл алган. Учурда шектүү Бишкектеги ШИИБдин убактылуу жайында камакта.

Милиция сүрөттөгү шектүүдөн жабыркаган жарандарды кабар берүүгө чакырат. Байланыш номуру: 0(700) 126 622 жана «102» кызматы.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!