"Эркин-Тоо"

26-28-июль күндөрү ченемден тышкары ысык болот

2022-жылдын 26-28-июлдарында кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө 36…41°, Талас өрөөнүндө 34…39°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 37…42º, тоо этектеринде 34…39°, Суусамыр өрөөнүндө 27…32º, Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°, Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19° жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмге ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!