Борбордук шайлоо комиссиясы 11-апрелдеги Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо 27 добушканадагы шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды. Бул добушканаларда жапырт каттоого тургузуу, үгүт иштеринин эрежелери бузулганын БШК кабарлады. Эми Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими президентке жөнөтүлүп, өлкө башчы эми кайра шайлоонун датасын аныктай алат.