"Эркин-Тоо"

27 жыл рынокто: «Айыл Банктын» арымы

«Айыл Банк» ААКсы – 27 жылдан ашык убакыттан бери эл аралык стандарттардын деңгээлинде банктык кызматтардын кеңири спектрин көрсөтүп келе жаткан Кыргызстандын эң ири финансылык институттарынын бири.

Банк негизделгенден бери өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана албетте, өлкөнүн эң алыскы аймактарында да кыргызстандыктар үчүн финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет.

Учурда «Айыл Банктын» филиалдарынын кеңири тармагы бар, алардын саны 38. Мындан тышкары, Банктын 27 аймактык өкүлчүлүктөрү, 35 көчмө жана 63 сактык кассалары, ошондой эле 10 чакан кеңселери бар. Банктын республикабыз боюнча кеңселеринин жалпы саны – 173.

ЭМНЕ ҮЧҮН “АЙЫЛ БАНК” – №1 БАНК?

2023-жылдын 1-январына карата Банк өлкөнүн банк рыногунда алдыңкы позицияны ээлеп, төмөнкүдөй финансылык көрсөткүчтөргө ээ болду:

• Активдери – 81,1 млрд сом;

• Таза кирешеси – 4,24 млрд сом;

• Капиталы – 11,14 млрд сом, уставдык капитал – 6,62 млрд сом;

• Милдеттенмелери – 69,99 млрд сом.

2022-жылдын 1-декабрына карата «Айыл Банк» банктар арасында биринчи орунду ээледи:

• Активдери (78,2 млрд сом), кредит портфели (33,1 млрд сом) жана таза кирешеси (4,20 млрд сом).

• Уставдык капиталдын көлөмү боюнча Банк 6,62 млрд сомду түзгөн көрсөткүч менен алдыңкы үчтүккө кирди.

• Банк Кыргызстандын лизинг рыногунун 90%дан ашыгын камтыйт жана дээрлик атаандашсыз, талашсыз монополист.

КАРДАРГА КАМ КӨРГӨН БАНК

Банктын негизги милдеттеринин бири – өлкөнүн экономикасынын алдыңкы жана негизги тармактарынын бири катары айыл чарбасын өнүктүрүү.

2023-жылдын 1-январына карата аймактар боюнча жалпы кредит портфели – 33 038 млн сомду, ал эми берилген кредиттердин саны – 89 817ни түздү. Ошол эле учурда 2022-жылдын көрсөткүчтөрүн ала турган болсок, кредиттердин 82%ы аймактардагы элге, фермер-дыйкандарга берилген. Бул көрсөткүч өсүүдө. Жалпы динамиканы байкасак, акыркы 2 жылда дыйкандарга берилген кредиттер кыйла өскөн.

• 2021-жылы 13,5 млрд сом өлчөмүндө кредиттер берилген;

• 2022-жылы жалпы суммасы 23,3 млрд сомго 59 043 кредит берилген (өткөн жылга салыштырмалуу 9,7 млрд сомго көбөйгөн).

«Айыл Банк» ААКсы көп жылдардан бери өлкөнүн агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып, өлкөнүн айыл жеринде жашаган калктын олуттуу бөлүгүнө жана фермерлерге насыя алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып келет. Мамлекет менен тыгыз кызматташып, акыркы 10 жылдын ичинде банк 47 миңден ашык адамга 21 млрд сомдон ашык суммада кредит берген.

“Айыл Банк” Өкмөт менен биргеликте өлкө элине камкордук кылып, дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берип, банк продуктуларын жеткиликтүү кылууда. Алсак, 2022-жылы 13 миңден ашык кардарларга — 4,5- 6% үстөк менен жеңилдетилген насыялар берилген. Банк төмөнкү долбоорлордун алкагында жеңилдетилген кредиттерди берет:

• «Айыл чарбасын каржылоо – 10» — (6%га чейин)

• «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» — (6% менен)

• «Товар-кредит» — (4,5%)

Мындан тышкары, Банк «Финансылык жардам» долбоорунун алкагында кредиттик продуктуну ишке киргизген. Программа COVID-19 пандемиясынан улам кризистик кырдаалга туш болгон чарбалык субъекттерди финансылык колдоого арналган. Бул багытта Банк тарабынан 1 651 адамга жалпы суммасы 460 011 660 сомдук пайызсыз насыялар берилген.

“АЙЫЛ БАНК” СИЗДЕР МЕНЕН БИР САПАРДА

Заман агымы менен кадам шилтеп, Банк салттуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн тышкары, бүгүнкү күндө инновациялык финансылык продуктыларды, анын ичинде «AБ24» технологиялык мобилдик банкингди сунуштайт.

Тиркеме өз колдонуучуларына көптөгөн транзакцияларды жүргүзүүгө, мамлекеттик жана коммуналдык төлөмдөр үчүн жөнөкөй төлөмдөн баштап, 500дөн ашык кызматтарга төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле Россияга акча которууларга жана реалдуу убакыт режиминде депозит ачууга болот. Мындан тышкары, кызмат көрсөтүүлөрдү жана продуктыларды санариптештирүү боюнча пландарын ишке ашырууда Банк өзүнүн тиркемесинде заманбап финансылык инструменттерди ишке киргизди, атап айтканда: аралыктан идентификациялоо, QR-код аркылуу төлөө, онлайн насыяга арыз толтуруу.

Жетишкен ийгиликтерибиз менен токтоп калбастан, 2023-жылы Банктын алдында бир катар маанилүү жана ошол эле учурда масштабдуу милдеттер турат, алар:

• Visa эл аралык төлөм системасы менен өнөктөштүктү илгерилетүү;

• Банктын кошумча 4 филиалын ачуу;

• Жеке жана юридикалык жактар үчүн интернетбанкингди жайылтуу;

• Ислам принциптери боюнча каржылоону ишке ашыруу;

• Эмгек акы долбоорунун катышуучулары үчүн онлайн насыяны ишке киргизүү. “Айыл Банк” – өз элинин каада-салтын терең урматтаган, кардарларга кам көрүү менен эртеңки күндү ойлогон, сиздин туруктуу жана ишенимдүү өнөктөшүңүз.

«Айыл Банк» – Сизге жакын!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!