"Эркин-Тоо"

Автоматташтырылган маалыматтык системалар ишке кирет

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарда, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүндө, райондук администрацияларда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларында автоматташтырылган маалыматтык системаларды ишке киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү.

Жыйында региондор жана айыл өкмөттөр боюнча «Infodocs», «e-kyzmat», «Санарип аймагы» маалыматтык системаларды ишке киргизүүдө келип чыккан көйгөйлөр талкууланды.

«Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Чүй облусунда байкалууда: 105 айыл өкмөтүнүн ичинен 31 айыл өкмөтү электрондук документ жүгүртүү системасына кошулган эмес. Мындай көрсөткүчтөргө жол берилбеш керек. 1-марттан тарта Президенттин Администрациясы кагаз түрүндөгү документтерди кабыл алууну токтотуп, 1-апрелден тарта бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөт. Тездетүү керек, бул учурдун талабы. Коңшу мамлекеттер электрондук документ жүгүртүүгө өткөн, ал эми биз аны жасай албай жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын өздөштүрүү боюнча аттестация жүрөт.

Кеңешменини жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы электрондук документ жүгүртүүгө өтүү жана калкка электрондук кызматтарды көрсөтүү боюнча республиканын аймактарында окуу семинарларын өткөрүү иретинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлеринен турган көчмө топторду уюштурууну тапшырды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!