"Эркин-Тоо"
Аймак

28 жыл мурун мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды

Нарын облустук административдик сотунун чечими менен Кочкор районундагы «Кубат» дыйкан чарбасына мыйзамсыз берилген 14 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Бул чечим Жер-суу көзөмөлдөө кызматынын доо арызынын негизинде кабыл алынды. Сот 1997-жылы чыгарылган Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын №203 буйругунун бир бөлүгүн Жер кодексине жана «Жайыттар жөнүндө» мыйзамга каршы келет деп тапты.