Бейшемби, 29-февралда Бишкектин үч конушунда оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, 29-февралда саат 09:00дөн 20:00гө чейин Ак-Жар, Ак-Бата, Келечек конуштарындагы турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объектилеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.
Бишкек мэриясы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.