"Эркин-Тоо"

3 млн сомдук товарды жалган декларациялоо фактысы аныкталды

Бажычылар товарларды жалган декларациялоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түштүк-Батыш бажысында “Volvo” үлгүсүндөгү унаа текшерүүгө алынган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө унаадан 100 даана декларацияланбаган сплит-система табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 млн сомду түзөт.

Аталган факты боюнча материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!