Эгемен мамлекет болгонубузга 33 жыл толду. Бул мезгилде өлкө башынан ар кандай кыйын кездер өтүп, бийлик 3 жолу революциялык жол менен алмашты. Алтынчы президенттин башкаруусунда жашап жатсак, бул аралыкта отуздан ашык премьер-министр келип кетти. Тилекке каршы, 5 президент, ар бир премьер-министр өзүнүн программасын 6 айга, президенттер өзүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин кетебиз деп олтуруп улуттук экономиканы көтөрүү үчүн программа иштелип чыкпады. Келечекке кандай жол менен бараарыбыз эч кимди түйшөлтпөдү.
Мындан туура 3 жыл мурун Акылбек Жапаров башында турган Министрлер Кабинети эл алдында ант берип, ишке киришкен. Ошол 3 жыл мурунку саясий-экономикалык кыйын мезгилде жоопкерчиликти өз колуна алып, балчыктагы экономиканы көтөрүүгө көптөрдүн эрки жетмек эмес. Кыска аралыкта амбициялуу идеяларды ишке ашыруу мындай турсун, иштеп кетчү программаны сунуштоо кыйын болгон убак болчу. 3 жыл экономикада секирик жасоо үчүн кыска убакыт. Бирок, Акылбек Үсөнбекович жетектеген Министрлер Кабинети кыска мезгилде көп ийгиликтерди багындыра алды. Мамлекет революциялык жол менен эмес, эволюциялык жол менен өнүгүү жолуна түштү.
Чет өлкөлүктөр берген экономикалык кеңештерди туура деп оозду ачып олтура берүүнүн кесепетинен “жарды” мамлекетке айланганыбыз чындык. Экономикабызда өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзө албадык. Ага бир жагынан саясий эрк жетпесе, экинчи жагынан өз жолду таап кетчү адамдын колуна ишеним тийген жок. Ошонун айынан балчыкта улам эле чөгүп бараттык. Балчыкта жата бербей секирик жасайлы деген реалдуу чакырык жасалбады. Ал тургай сунуштар түшсө “бюджет пустой” деп алакан жайган Өкмөт башчылар Аткаруу бийлигин башкарып турду.
Сталиндин “Кадрлар баарын чечет” деген жакшы сөзү бар. Команда башындагы адам баарына көзү жетип турса, калган көч аны карап түздөлөт. Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетин жетектеп келгенде эле амбициялуу программасын ачык жарыялап, аны ишке ашыруунун механизмдеринин баары бар экенин билдирген. 3 жыл ичинде анын эсеби, механизмдери ийне-жибине чейин дыкат иштелип чыкканы анык болду.
2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда өлкө бюджетине болуп көрбөгөндөй сокку урулган. Бюджеттеги таңкыстык 32 млрд сомго чейин өскөн. Мындай абалда экономиканы бат эле бутуна тургузуу кыйын. Бирок, азыркы МинКаб туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо менен кыйынчылыкты жеңе алды. Эл аралык финансы институттары кыргыз экономикасында өсүү болбойт деген божомолун жасашкан. Натыйжа тескерисинче болуп чыкты. БУУнун Башкы катчысы Гуттериш Кыргызстандын азыркы өнүгүү багытын “алып учкан аргымак” деп бекеринен белгилеген жок. Кыргыз экономикасы “Илбирс секиригин” жасаган доорду башынан кечирип жатат.
2020-жылы бюджет 247 млрд сом болсо, 2023-жылы 577 млрд сомго чыкты. ИДП 2020-жылы 601,8 млрд сом болчу. 2023-жылы 1 трлн 79 млн сомго жеткен. Статкомитеттин маалыматы боюнча 2024-жылдын 9 айындагы ИДПнын көлөмү 950 млрд сомдон ашып, реалдуу өсүү темпи 8,4%ды түзгөн. Бул азыркы экономикалык саясат туура жолдо бара жаткандыгын далилдейт.
Салыктан өлкө казынасына 2020-жылы 79 млрд сом акча чогулса, 2023-жылы 183 млрд сомго чейин өскөн. Бажыдан 2020-жылы 28,9 млрд сом киреше болсо, 2023-жылы 107,6 млрд сом түшкөн. Фискалдык саясаттын туура жолго коюлушу өз натыйжасын кыска аралыкта эле бере турганын бүгүнкү МинКаб көрсөтө алды.
33 жылда кулакка жаккан көп эле программалар иштелип чыкты. Бирок, каражат жоктугунан турмушка ашпай калып кеткен. Каражат табуу жагын эч ким ойлобогон. Акылбек Жапаров акчанын булактарын көрө билгендиктен бүгүнкү ийгилик жаралууда. Кайсыл жетекчи келбесин анын реформалары 100 күндүн ичинде жүрүп, ийгиликтүү жумуштар ушул мезгилдин ичинде эле байкалат. Андан кийин калганы иш жүзүнө ашып кете берет. Жоопкерчиликти алган адам “Секирик жасайм” дегенден кийин программа жазалы, аны көрөлү дегенге убакыты болбош керек. Секирикти жасаганга даяр бийлик так эсебин жасоо менен тармактардан приоритеттүүсүн аныктап алат. Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетинин башына келгенге чейин эле экономикадагы проблеманы көрүп-билип, анын чечүү жолдорун да сунуштап келген. Жоопкерчилик артылган соң “Эмне кылуу керек? Качан жасоо керек? Кандай жасоо керек? Ким аткарат?” деген суроолорго кыйналган жок. Шыр эле 3 жылда “Илбирс секирикти” жасагандын сыры ушунда болду.
Азыркы учурда курулуш сектору “дүркүрөп” өсүп жатканын эске алсак, анда аны менен кошо өнөр жайдагы кубаттуулукту да жогорулатуу потенциалын колго алуу зарыл. Ал үчүн базаларды колдоо, жаңыртуу, жаңы өндүрүштүк объекттерди куруу керек. МинКаб ушул идеяны ишке ашыруунун үстүндө иштеп келатат. Өлкөдө цемент боюнча керектүү база курулду, эми аксап турган металл куюу өнөр жайына көңүл бурулушу керек. Ушул абал бүгүнкүнүн артыкчылыктуу багыты катары колдоого алынууда. Бир сөз менен айтканда, жаңы завод менен фабрикаларды ишке киргизүүдө, аларды колдоону такыр эстен чыгарбоо керек деген түшүнүк жанданды. 3 жылда экономиканын “индустриализациялоого” карай алгачкы кадамдары жасалды, эми алдыга жылып, кийинки этапка даярдануу гана керек.
Мега долбоорлор да Акылбек Жапаров башында турган Министрлер Кабинетинин учурунда ишке ашып жатат. Мындай ири долбоорлор ар бир өлкө үчүн келечекти куруучу кирпич катары саналат. Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна алгачкы кадамдар жасалып, ийгиликтүү иштер жүрүүдө. Биз үчүн кең дүйнөгө алып барчу жол болот. Кошуна мамлекеттердин активдүү демилгесине кошулуп калбасак, бизден айланып кетчү жолду алар оңой эле таап алат. Бул жол аркылуу кошумча нарк чынжырында коопсуз жаңы линиялар ачылат, айыл чарба транзити, азык-түлүк коопсуздугу, туристтик индустрия камсыздалат, жол жээктеп жогорку эффективдүү индустриялык базалар салынат. Кыргызстандын ушул транзиттик жаңы жолдо тургандыгы анын бул мейкиндикте гүлдөгөн ири соода аймакка айлануусуна толук негиз болот. Кыргызстан аркылуу Кытайга кирүүгө бардык өлкөлөргө жол ачылат. Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу дагы ири долбоордун бири. Бул долбоор Кыргызстанды энергетикалык кризистен гана алып чыкпастан, электр энергиясын экспорттогон өлкөгө айландырат
Кыргыздын түшүнүгүнө сиңип калган кадр саясатындагы коррупция качан жокко чыгат деген убайым баарыбызда жашап келген. Кесипкөй адистер аткаруу бийлигине келүүсү зарыл деп сайрап да келдик. Таза кадрлар эмгек акы жогору гана болгондо иштейт деп өзүбүздү соороттук. МинКаб алгачкы ишин ушундан баштады. Мамлекеттик кызматта иштегендердин маянасы көтөрүлүп, аларга шарт түзүлдү. Социалдык тармактарга өзгөчө көңүл бурулду. Укук коргоо органдарында санга эмес сапатка көңүл бурулуп, алар бизди кордобой, коргой турган система киргизилди. Бүгүнкү Аткаруу бийлигинин жүргүзүп жаткан саясатына саресеп салган адам башкаруу системасында 3 нерсени иштеп жатканын байкаса болот. Биринчиси, баарын иреттөө. Экинчиси баасы канча. Үчүнчүсү ачыктуулук.
3 жылда өлкө боюнча эки жүздөн көп мектеп салынып, жаңыланыптыр. Саламаттык сактоо тармагынын бюджети 37, 3 млрд сомго өсүп, үч жүздөн ашык автоунаа, эки жүздөн ашык медициналык жабдуулар сатылып алыныптыр. 1500 кмга жакын жол асфальтталса, 298 даана жол куруу техникалары өз каражатыбызга сатылып алынды. Айыл чарбасына 43,1 млрд сом берилген. Баткен облусуна өзгөчө статус берилип, аны өнүктүрүү үчүн 3 жылда 4 млрд сомго жакын акча каражат кирген. Коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп, керектүү курал-жарактар сатып алынып, коргонуу тармагыбыз жаңы деңгээлге чыкты. Өзгөчө кырдаалдарга даяр туруу максатында ӨКМдин техникалары 100 пайыз жаңыланган. Бюджети 4 эсе көтөрүлгөн. Техникаларды сатып алуу үчүн эле 1 млрд 422 млн сом мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Элди турак жай менен камсыз кылуу максатында түзүлгөн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын уставдык капиталы 13,5 млрд сомго жетти. Бул цифралардын баары өлкөдө экономикалык өсүш канчалык деңгээлде болгонун ырастайт. Конституциядагы пенсия көлөмү жашоо куржунунан кем болбоого тийиш деген норма дагы ушул МинКабдын тушунда аткарылды. Октябрдан тартып мурунку 1500 же 2000 сом пенсия алган адам болбойт.
Бирок, дүйнө тездик менен өзгөрүп, улам ар түрдүү чакырыктар жаралууда. Улам пайда болгон ошол чакырыктарды жеңүүдө бизге туруктуу иштеген Аткаруу бийлиги керек экенин мезгил тастыктоодо. Тездик менен өзгөргөн бүгүнкү дүйнөдө бизге да “карап көрөлү” деп олтурбай, батыл чечимдерди кабыл алгандар керек экенин унутпашыбыз керек.
3 жылдагы “Илбирстин секириги” элдин үмүтүн, ишенимин жандандырды. Мындан кийин Министрлер Кабинети бул ишенимди актаганга милдеттүү.
Темирлан Токтоболотов