Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан 30 шайлоо округунун деңгээлинде ыкчам аракеттенүүчү координациялык топ түзүлгөндүгүн билдирген БШКнын мүчөсү Кубатбеков Алтынбек координациялык топтун негизги милдети болуп шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна ыкчам аракет көрүү жана алар тууралуу жарандарга маалыматты өз маалында жеткирүү экендигин айтты.
Кубатбеков Алтынбектин айтымында, 2025-жылдын 30-ноябрына карата ыкчам аракет көрүү тобуна 202 мыйзам бузуу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Алардын ичинен:
- 108 маалымат – шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузуу жөнүндө;
- 37 маалымат – талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар жөнүндө;
- 8 маалымат – административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө;
- 18 маалымат – шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө;
- 31 маалымат – башка укук бузуулар боюнча.

