"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

300дөн ашык унаа бата турган жер алдындагы унаа токтотуучу жай салынууда

Old Bishkek комплексинде курулуп жаткан 2 кабаттуу жер алдындагы унаа токтотуучу жайга 300дөн ашуун унаа батаары маалым болду. Бул тууралуу долбоордун негиздөөчүсү Нариман Түлеев «Кабар» агенттигине билдирди.

Анын айтымында, унаа токтотуучу жай «Айчүрөк» жана «Чынар» соода борборлорунун айланасындагы тыгынды азайтуу үчүн салынууда.

Түлеев мурда такси айдоочулары унааларын «Кыргызтелекомдун» алдындагы унаа токтотуучу жайына коюшканын, эми такси кызматтары үчүн жаңыдан курулуп жаткан жер алдындагы паркингден атайын орундар берилерин билдирди.