"Эркин-Тоо"

31-августка чейин Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо иштери аяктайбы?

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров Ала-Тоо аянтын реконструкциялоо иштери аяктоо  алдында турганын  билдирди. Анын айтымында, флагшток 100 метрлик мамыга алмаштырылды. 31-августта Мамлекеттик тууну көтөрүү аземи болот. Желектин өлчөмү узуну 18 метр, туурасы 30 метр болот.

«Ардактуу кароолдун орду жаңыртылды, шарттар түзүлдү: муздатуу жана жылытуу системасы бар. Терезелер алмаштырылды, фасаддар тазаланды, имараттар талапка ылайыкташтырылды. Фонтандык жабдууларды орнотуу иштери да аяктады. Элдердин достугунун монументи реконструкцияланды. Чакан беткей иштери калды. Плиталарды төшөө боюнча дээрлик бардык жумуштар бүткөрүлүп, жашыл аянтчалар отургузулду. Учурда аймакты тазалоо иштери жүрүп жатат», — деди Кадыров.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!