"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

31-августка карата Баткен районунда үч жаңы өндүрүш ишканасы ишке кирет

Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен районунда үч өндүрүш ишканасы ишке киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, президенттин өкүлү Айбек Шаменов жаңы бүткөрүлгөн цехтерди кыдырып чыкты. Алардын катарына:

  • Самаркандек айылындагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех. Суткасына 5 тонна мөмө-жемишти иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпы наркы 16 млн сомду түзөт, 30 жумуш орду түзүлөт.

  • Ак-Татыр айылындагы желим идиштерди чыгаруучу жана кайра иштетүүчү цех. Долбоордун баасы 52 млн сом. 30 жумуш орду каралган. Бул жерде жогорку сапаттагы чийки заттан тамак-аш үчүн желим жана кагаз идиштер чыгарылып, эски желим идиштер кайра иштетилет.

  • Жаңы-Жер айылындагы мөмө-жемишти тоңдуруп сактоочу цех (ваакуумдук муздаткыч). 500 тонна мөмө-жемишти сактоого ылайыкташкан. Долбоордун наркы 22 млн сом, 5 жумуш орду түзүлөт.