Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен районунда үч өндүрүш ишканасы ишке киргизилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Маалыматка караганда, президенттин өкүлү Айбек Шаменов жаңы бүткөрүлгөн цехтерди кыдырып чыкты. Алардын катарына:
-
Самаркандек айылындагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү цех. Суткасына 5 тонна мөмө-жемишти иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жалпы наркы 16 млн сомду түзөт, 30 жумуш орду түзүлөт.
-
Ак-Татыр айылындагы желим идиштерди чыгаруучу жана кайра иштетүүчү цех. Долбоордун баасы 52 млн сом. 30 жумуш орду каралган. Бул жерде жогорку сапаттагы чийки заттан тамак-аш үчүн желим жана кагаз идиштер чыгарылып, эски желим идиштер кайра иштетилет.
-
Жаңы-Жер айылындагы мөмө-жемишти тоңдуруп сактоочу цех (ваакуумдук муздаткыч). 500 тонна мөмө-жемишти сактоого ылайыкташкан. Долбоордун наркы 22 млн сом, 5 жумуш орду түзүлөт.

