"Эркин-Тоо"

31-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга  байланыштуу 31-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Кыргызгдромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 31-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз +10…+15,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +8…+13 градус.

Бишкек шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +15…+17 градус болот.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!