Эки жыл мурун, тагыраагы 2023-жылдын 13-мартынан бери «Мекен Карт» долбоорунун алкагында 313 жаран чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш макамын алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.
Аталган убакыт аралыгында жалпы 361 арыз кабыл алынып, алардын 9у четке кагылган.
«Мекен Карттын» мөөнөтү — 10 жыл. Ал мурда Кыргызстандын жарандыгында болуп, учурда чет өлкөлүк жарандыгы бар адамдарга, ошондой эле алардын балдары менен неберелерине берилет.
Документ ээлерине Кыргызстанга визасыз кирүү, ишке орношуу, билим алуу жана саламаттыкты сактоо тармактарында бирдей мүмкүнчүлүк, ошондой эле айыл чарба жерлерин башкаруу укугу берилет.
2025-жылдын 1-майына карата эң көп өтүнмө Россиядан (217) түшүп, алардын 190уна «Мекен Карт» берилип, Германия (51), Түркмения (22), Корея (17), Украина (10) жана башка өлкөлөрдүн жарандары да аталган макамды алган.
Белгилей кетсек, арыздар «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу кабыл алынат.