Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы адам аялын өлтүрүүгө шек саналып кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-январда Жалал-Абад шаардык милициясына облустук ооруканадан билдирүү келип, Таш-Булак айылынын 29 жаштагы тургуну үйүндө каза болуп калганын кабарлаган. Бул факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Тергөөгө чейинки териштирүү иштеринин жүрүшүндө маркумдун жолдошу жубайы менен уруш-талаш болбогонун, аялын ооруканага өзү алып барганын айткан.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында 6-февралда Жалал-Абад шаардык милициясынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, маркумдун жолдошун кармады.