"Эркин-Тоо"

“Жайыттар жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү парламент кайра карайт

Жайыттарды натыйжалуу башкарып, сарамжалдуу пайдаланууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актылары аркылуу Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү парламент кайра толуктап иштеп чыгууга жөнөттү. Бул тууралуу «Ата — Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Айбек Маткеримов «Парламент» радиосунда берген маегинде билдирди.

Эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорлору боюнча жолдогон суроолоруна толук жооп ала алышкан жок. Ал кайчы пикирлердин арбын экендигинин далили.  Мындай тактоочу маселелер көп болгондуктан, кеңири талкуулоо үчүн долбоор кайрадан экинчи окуунун режиминде каралышы керек деген талап менен артка кайра кайтаруу чечими кабыл алындган.

Кооптондурган көрүнүштөрдүн бири бак – дарактарды отургузабыз, — деп алган жерлер бир ууч гана кишилердин колуна тийип калбайбы? – деген чоң суроо пайда болду. Кайсы контурдан каралып жаткан жерлер бар экендиги да ача ойду пайда кылды, — деп кошумчалады депутат.

Трансформация маселесине кошуп, сугат жерлерин кошо камтып кеткен көздөн далдоо учурлардай болуп калбасын, — дегендей эле, жашыл массивдерге, — деп бөлүнүүчү жерлердин катарында эгин аянттары да кошулуп кетпесин, — деген чоочулоолор жок эмес. Андыктан, абалдын бул өңүрү тыкыр көзөмөлдөнүп, мыйзамсыз өзүм билемдикке жол берилбесин, — деп белгилениши керек, — деди А. Маткеримов.

Мыйзам өзгөртүүлөрү аркылуу жеке жана юридикалык жактарга жайыттарды мергенчилик, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды чогултуу, туризм, балык уулоо үчүн жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен 5 жылдык мөөнөткө  пайдаланууга берүү каралган. Эгер жер иштетүүнүн натыйжалуулугу байкалса, берилген мөөнөт 20 жылга чейин узарттуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок, — деп белгиленет долбоордо.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!