"Эркин-Тоо"

4-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 4-майда өлкө аймагында түнкүсүн жана эртең менен үшүк жүрүшү күтүлөт. Чүй облусунун тоо этектеринде жана Нарын, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан жаап, бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз 10…15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +8…+13, күндүз 22…27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +8…+13;

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12;

​Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…15 градуска чейин жетет.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!