"Эркин-Тоо"
Медицина

40 адамга корорнавирустун жаңы «дельта плюс» штаммы жукту


Англияда 40 адамга коронавирустун «дельта плюс» деп аталган жаңы штаммы жукту. Вирустун мутациясы алгач Индияда өткөн жылдын октябрь айында аныкталган. «Дельта плюс» коронавирустун алгачкы түрүнөн кооптуу болуп саналат. Бул штамм адамдан адамга өтө тездик менен жугуу касиетине ээ жана клеткага киргени, антителолор ага каршы туруштук бере албайт.

SARS-CoV-2 вирусунун жаңы толкунуна жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу, Улуу британиянын өкмөтү киргизилген чектөөлөрдү дагы бир айга созду. Эгемендик күнү майрамы 19-июлга жылдырылды. Мындан тышкары, калкты эмдөөдөн өткөрүүнү күчтөп, биринчи жана экинчи этаптын ортосун 8 жумага чейин кыскартышты.

Акыркы маалыматтарга ылайык, COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын жаш курагы 18ден жогоркулар арасынада 80 пайызы алды (43 миллион адам), толугу менен эмделгендер 59,8 пайызды түздү (31 миллион адам), деп билдирет  ТАСС маалымат агенттиги.