"Эркин-Тоо"

40 жаштан кийин…. Пайдалуу Кеңеш!

40 жаштан кийин баары өзгөрөт. Келбет жана мүнөз. Бирок, сырткы келбеттеги өзгөрүүлөр олуттуу болбошу үчүн “Алтын эрежелерди”ди колдонуу зарыл.
Эң оболу тамактанууну азайтуу сунушталат. Эгер сиздин күнүмдүк рациондо 2000 калорий болсо, 40 жаштан кийин 1500 калорий жетиштүү болот.
Арыктоо процедуралары өтө тездик менен жүрбөшү кажет.
Тамакты убагында жеген адам 40 жаштан кийин толуп кетпейт.
Тамактанбай жүрө бергендерде кант диабети пайда болушу ыктымал.
Азыктардын курамына көңүл буруңуз. 40 жаштан кийин мурдагыдай майлуу тамактарды жей бергенге болбойт.
Сууга, клетчаткага бай азыктарды жеш керек!
Тамак-ашты алаканга ченеп жесеңиз, жаңылбайсыз.
Тез-тез жана аз-аздан тамактануу керек. Мисалы, эртең мененки тамак экиге бөлүнүшү керек. Түшкү, кечки тамакты да экиге бөлүп жеген адам семиздикке кабылбайт.
Алкололдук ичимдиктер, туздуу, кайра иштетилген продукцияларды колдонуудан баш тартуу зарыл. 40 жаштан ашкан адам чипсы, гамбургер, сыяктуу азыктарды көп жебеши керек. Алкоголдук ичимдик салмак кошууга алып келет.
Кыймылдын көп болушу ден соолукка пайда. 40 жаштан кийин да спорт менен машыкса болот. Күнүнө жарым саат болсо да көнүгүү жасоо зарылчылыгы пайда болот. Бирок, көнүгүүлөрдү атайын адистердин жардамы менен аныктап алуу зарыл. 40 жаштан кийин жүрөк, кан-тамыр ооруларына чалдыгуу коркунучу көп. Кан басымга да маани берүү керек. 40 жаштан кийин арыктайм деген айымдар жөө басууну адатка айлантышы керек.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!