"Эркин-Тоо"

Сыймык Бейшекеев Кыргыз Эл артисти наамын алды

Бүгүн, 2-сентябрда Сыймык Бейшекеевге Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын тапшырды. Бул тууралуу ырчы мырза төмөндөгүлөрдү билдирет:

“Бүгүнкү күнгө буйруган экен… Бул наамда сиздердин ишенимиңиздер, мага айткан ак тилек батаңыздар, ата-энемдин акыл-кеңеш тарбиясы, улуу устаттардын таалими, өнөр жолдогу үзөңгүлөштөрдүн үмүтү, деги койчу Ат-Башыдан башталган колдооңуздар Чоң Алай, Лейлекке чейин өз уулундай тосуп узаткан Кыргыз элимдин мага алып берген аманаты деп билем.

Баарыңыздардын куттуктооңуздарды жаным жыргап, көңүлүм куунап окудум, кирпик нымдап кубандым, демек 28 жыл ичинде сиздерге өгөй болбой өз болупмун деп шүгүр кылдым, жаны кыйналып ооруп турган атакеме дагы бул кабар жагымдуу болгонун добушунан сездим, телефондун ары жагынан Апакемдин карааныма кагылып каргылданган үнүнөн кубанычынын көз жашын туйдум, бул наамды жалпы кыргызымдан алган аванс катары кабылдадым, жараткан өмүр берсе жарпыңыздарды жазаар жакшы чыгармаларды жаратаарбыз, баарыңыздарга алкышка жуурулган ыраазычылыгымды узатам, бар болуңуздар жакшыларым!”.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!