Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп Советжан Асанкадыр дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, Советжан Асанкадыр 2022- жылдын 7-сентябрынан тартып, Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматына дайындалды. Жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка Маданият министри Азамат Жаманкулов тааныштырды.