"Эркин-Тоо"

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиевди эскерүү кечеси өтөт

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиевди эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 6-октябрында саат 14-00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын “Чыңгыз Айтматов” залында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борборунун уюштуруусу менен Кыргыз эл жазуучусу, «Манас» орденинин кавалери, прозаик, публицист, драматург, театр жана кино режиссёру, Манас изилдөөчү Мар Байжиевди эскерүү кечеси өткөрүлөт.
Эскерүү кечеге коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, театр жана кино жаатындагы кесиптештери, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.
Дареги: Бишкек шаары, Ю.Абдрахманов көч., 208. Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!