"Эркин-Тоо"

Дем алыш күндөрү Бишкекте гимнастика боюнча турнир өтөт

Бишкекте Кыргызстандын командаларынын арасында көркөм гимнастика жана эстетикалык топтук гимнастика боюнча «Алтын жалбырак» аттуу күзгү квалификациялык турнир өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, көркөм гимнастика боюнча мелдештерге 300дөн ашуун 2016-жылы туулган жана андан улуу гимнасттар катышат. Ал эми 2017 жана 2018-жылы туулган гимнасттар бул мелдеште «Биринчи старт» деп аталган предметсиз биринчи көнүгүүлөрү менен чыгышат.
Өлкөнүн бардык аймактарынан келген эстетикалык гимнастика командалары ар кандай программаларда жана курактарда квалификациялык өнөрлөрүн көрсөтмөкчү.
Мелдештер «Фэмили спорт» спорт клубунда 28-30-октябрь күндөрү өтөт. Расмий ачылышы 29-октябрда саат 11:00дө башталат.
«Алтын жалбырак» турнири Көркөм гимнастика жана Эстетикалык топтук гимнастика федерациялары тарабынан өткөрүлөт.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!