"Эркин-Тоо"

Түштүк магистралдан Сокулукка чыккан трасса жасалып бүттү

Арча-Бешик конушунун тушундагы Түштүк магистралдын Чортеков көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки бөлүгү жасалып бүтүп, ачылды.
Жаңы жолдун ачылыш аземине калаа жетекчилиги, жол жасаган кытай компаниясынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышкан. Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, алты тилкелүү жаңы жол Орок айыл өкмөтү менен Бишкек шаарын байланыштырат. Тагыраагы, Түштүк магистралдын уландысы менен Сокулук районуна чыгып кетсе болот.
Жол айланма болуп Муромский, Алыкулов көчөлөрүн, ЖЭБ-2 өтмөгүн бириктирет. Курулуш иштери Кытайдын грантынын эсебинен «Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!