"Эркин-Тоо"

ВИДЕО — Токмокто жүрөк үшүн алган жол кырсык. 35 жаштагы жаран каза болуп, бешөө жаракат алды

Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 71,5-чакырымында бүгүн, 18-январда саат 12:00дөр чамасында үч унаанын катышуусунда жүрөк үшүн алган жол кырсыгы болду.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, “ВАЗ-2107” унаасы Парковая көчөсүнөн айланма жолго чыга калып “Мерседес Бенц” унаасын сүзүп, андан ары “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү кичиавтобус менен кагышкан.

Кырсыктан кичиавтобустун 36 жаштагы А.Т.Б. аттуу айдоочусу каза болуп, беш жүргүнчү жабыркады.

Учурда териштирүү иштер жүрүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!