Ат-Башы районунун тургуну, жөө күлүк Оболбек Осмонбеков Бишкектен Ош шаарына чейинки 700 чакырым аралыкты 8 күндө чуркап жетти.
Маалым болгондой, аны тосуп алуу аземине Ош шаардык жана Кара-Суу районунун спорт жана дене тарбия комитетинин башчылары жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык өнүгүү башкармалыгынын башчысы Абдували Балтабаев катышты. Оболбек Осмонбеков 700 чакырым жолду аба-ырайынын кескин өзгөрүп, суук болуп кеткенине карабастан эч кыйынчылыксыз багындырганын айтты.
Оболбек Осмонбеков 46 жашта, аны коштоп чуркап келген баласы Али Оболбек уулу 22 жашта.
Буга чейин Оболбек Осмонбеков 2020-жылдын 19-июнунда Ат-Башыдан Бишкек шаарын көздөй жөө чуркап чыгып, 24-июнда Бишкек шаарына жеткен болчу.