"Эркин-Тоо"

ИШ-ЖУМА / №9 2023-жылдын 7-февралы

Спортчуну колдоп-сүйөп, таягандар

Президент Садыр Жапаров дене тарбия жана спорт өкүлдөрүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө бир катар чечимдерге кол койду. Президенттин атынан сыйлыктарды Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.

Бир катар спорт тармагынын өкүлдөрү 5-февралда дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, спорттогу алдыңкы жетишкендиктери жана республиканын квалификациялуу спортчуларын даярдоого салым кошкону үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушту.


Түрк туугандарда чоң кайгы

Түркия Республикасында болгон катуу жер титирөө көптөгөн адамдардын өмүрүн алып, ири кыйроолорду алып келди. Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. «2023-жылдын 6-февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм» деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Ушундай эле көңүл айтуу телеграммасын Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентопко жолдоду.


Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров: “Бишкек илимдин, билимдин жана каржынын борбору болуп калышы керек”

Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек мэриясынын жыл жыйынтыгы жана 2023-жылга пландары боюнча кеңейтилген коллегиялык жыйынына катышты.

“Бишкек шаары жакынкы келечекте жарандарыбыз өнүгүүгө багыт алып, бакубатчылыкта жана коопсуздукта жашай турган илимдин, билимдин жана каржынын борбору болуп калышы керек» деди Акылбек Жапаров жыйында сүйлөгөн сөзүндө. Ал өлкөбүздүн борбору – өлкөнүн өнүгүүсүнүн маанилүү индикатору экенин белгилеп, борбор шаарыбыздын көйгөйлөрүн чечүүгө колдоо көрсөтүлөөрүн айтты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы план боюнча шаарыбызда быйылкы жылы эле 1500дөн ашык экологиялык жактан таза автобустар жүрүшү керек деп белгиледи. “Ошондой эле таксилер үчүн газ менен жүрүүчү унааларды сатып алуу идеясын колдоого даярбыз. ЖЭБди Бишкек шаарынын мэриясына этап-этабы менен өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жаңы конуштарды газдаштыруу боюнча активдүү иштер башталат. Борбордо унаа токтоочу жайларга көңүл буруу жана бул курулушка тиешелүү уруксат документтерин алуу үчүн милдеттүү шарт болушу керек. Эң негизгиси борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл» деди Акылбек Жапаров.

Шаардагы тазалыкты камсыздоо маселесине өзгөчө басым жасап, «бул муниципалитеттин ишиндеги негизги багыттардын бири» деп баса белгиледи. «Биз жаңы конуштарды борбордун толук кандуу бөлүгү катары кабыл алып, ал жердеги шарттар шаардын борборундагыдай деңгээлде болушу керек» деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.


ДЕПУТАТТАР СЫЙЛАНЫШТЫ

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев бир катар депутаттарга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын жана Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.

Сыйлыктарга Медербек Алиев, Акылбек Түмөнбаев, Улукбек Ормонов, Балбак Түлөбаев, Султанбай Айжигитов, Жалолидин Нурбаев, Бактыбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Марлен Маматалиев, Улан Бакасов жана башкалар татыктуу болушту


САНАРИПТИК ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК ДЕГЕН ДА МАСЕЛЕ БАР

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 3-февралда Алматы шаарында “Атакент” Казакстан бизнескызматташтык борбору” акционердик коомунун имаратында өткөн “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” форумуна катышты.

Акылбек Жапаров форумда катышуучулардын көңүлүн жаңы технологиялардын жана технологиялык тенденциялардын ичинен өзгөчө жасалма интеллект жана криптовалюта маселесине бурду. “10 жыл мурун фантазия болгон нерсе бүгүн чындыкка айланды. Менин бүгүнкү сөзүмдүн бир бөлүгү ушул жасалма интеллекттин жардамы менен жазылган. Технологиялык өнүгүү темпи бул өзгөрүүлөргө тиешелүү мамлекеттик саясат менен жооп берүү мүмкүнчүлүгүбүздөн ашып баратат. Элис же Сиринин үн жардамчылары кыргызча же казакча сүйлөбөйт деп кооптонуп жатам. Санариптик дүйнөгө кирбеген тилдер – жазууга кирбеген тилдердин тагдырына туш болорун баарыбыз түшүнөбүз” деди Акылбек Жапаров. Жаңы технологиялар бир орунда турбайт, ошол себептүү биз артта калбашыбыз керек. Бүгүнкү күндө санариптик эгемендүүлүк маселеси күн тартибинде турганын, санариптик эгемендүүлүктү камсыз кылуу XXI кылымда мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн негизги белгиси болуп калышы мүмкүн экенин билдирди.

Акылбек Жапаровдун пикиринде стейблкоин криптовалютасы биздин аймактын экономикалык мамилелеринде ишенимдүү позицияны ээлейт. “Балким, биз валюталарыбызга байланган аймактык стейблкоинди өнүктүрүү боюнча курстан өтүшүбүз керек. Жасалма интеллект да, криптовалюта да дүйнөнүн өнүгүшүнө түп тамырынан бери таасир эте турган маанилүү инновациялык чөйрө” деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаров санариптик форумда “Digital Almaty Awards” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине дагы катышты.


КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕРДИ КЕЧИКТИРБЕЙ АТКАРУУ МААНИЛҮҮ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйынына катышты. Жыйындын катышуучулары ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди андан ары өнүктүрүүгө байланыштуу 11 маселени карашты.

Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргыз Республикасында 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык өсүш 7 пайызды түзүп, өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 11,4 пайызга өстү. Салыктык жана бажылык башкарууга жаңы ыкмалардын, анын ичинде санариптик технологияларды колдонуунун аркасында биз салыктык түшүүлөрдү 51 пайызга жана бажы төлөмдөрүн 58,2 пайызга көбөйттүк. Мамлекеттик бюджеттин жалпы салыктык кирешелери 50%дан ашык көбөйдү” деди Министрлер Кабинетинин башчысы. Биз санариптик технологияларды жоопкерчиликтүү, натыйжалуу жана коопсуз колдонууга умтулуубуз керек деп белгилеп, ЕАЭБ алкагында кабыл алган чечимдердин аткарылышынын кечеңдеши ишкерлерге тоскоол болоруна токтолду. «Навигациялык пломбалар боюнча өз ара макулдашууга карабастан, үч айдан ашуун убакыттан кийин да пилоттук долбоор ишке киргизилген эмес. Пилоттук долбоор иштей башташы үчүн бул багытта активдүү иш алып баруу зарыл. Мен навигациялык пломбаларды колдонуу өз ара соодада эсепке алынбаган товарлардын бардык тобокелдиктерин жок кылат деп ишенем» деди ал.


КЫРГЫЗДЫН ТУУСУН КӨТӨРГӨНДӨР

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 4-февралда 2022-жылдагы жетишкендиктери үчүн спортчуларга мамлекеттик сыйлыктарды салтанаттүу түрдө тапшырды. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президент Садыр Жапаровдун кайрылуусун окуп, 2022-жылы кыргызстандыктар эл аралык аренада спорттогу чоң ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

«2022-жыл кыргыз спорту үчүн ийгиликтердин жана жеңиштердин жылы болду десем жаңылышпайм. Мамлекет спорт тармагын колдоого жана каржылоого бардык күч-аракетин жумшады. Биздин сыймыктуу жана кайраттуу спортчуларыбыздын жеңишке жетүүдөгү майтарылбас эрки жалпыбыз үчүн бир гана алга умтулууга стимул болуп калды» деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы. Ал өз сөзүндө спортчулардын машыктыруучулар курамына өзгөчө басым жасады.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№9 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 7-февралы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!