"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

51 МИЛЛИОН ДОЛЛАР КАРЫЗ АТАМБАЕВДЕН КАЛГАН МУРАС

Коомчулукта “кыргызга миң жылда бир келген кырсык” катары кабыл алынган Алмазбек Атамбаев кайрадан жандалбас уруп баштагандай таасир жаралууда. Дегенибиз, жакынкы күндөрдөн бери бийликке асылып, жек көрсөтүүгө аракеттенүүдө. Бир кайрылуусунда энергетика тууралуу сөз козгоп, президент кезинде бардыгын кыйратып салганын айтып, өзүн периштедей көрсөткөнүнө күбө болдук. Тилекке каршы, турмуш чындыгында андай болгон эмес.

Жалпы эл-журт тандырбайт, 30 жылдык тарыхта энергетика тармагында эч кандай жылыш болгон жок. Союздан калган ГЭСтерди пайдаланып келди. Анын баары шалдырап, жарактан чыга турган абалга жеткенин билебиз. Мына ошол энергетика тармагын сазга батырып, талкалагандардын бири Атамбаев болгон. Факты менен айтсак, 20 жылда Энергетика министрлиги 13,6 миллиард сом карыз болсо, 2010-жылдан 2020-жылга чейинки 10 жылда 123 миллиард сом карыз үстүнө кошулган. Жалпысынан 2020-жылдын октябрь окуясына чейин Энергетика министрлигинин карызы 137 миллиард сом же 1,5 миллиард долларга жеткен. Энергокомпаниянын кызматкерлерине банктан үстөгү менен кредит алып, эмгек акы берип калышкан. Кыскасы, энергосистемабыз банкрот болуп калган. 2020-жылдын этегиндеги бийлик алмашуудан кийин гана жылыш башталды. Тактап айтсак, 2021-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин айлык акыларды төлөө үчүн деп карыз алынган эмес. Ага удаа энергетика тармагынын 137 миллиард сом карызынын 112 миллиард сому төлөндү. Калган 25 миллиард сом карызы эмдиги жылы төлөнүп бүткөнү турат, бул – өтө чоң эмгек. Эгер Атамбаев эл үчүн эт-бетинен кетип иштеген эмгекчил болсо, бийликке келгенге чейинки 13,6 миллиард сомду 123 миллиард сомго көбөйтпөй төлөп койбойт беле?

Мындан сырткары, Атамбаевдин учурунда Кыргыз Өкмөтү менен россиялык “РусГидро” ишканасы ГЭС куруу боюнча келишим түзүп, ага капсула салынган. ГЭСти куруу даярдыктары башталганы менен ары карай жылбай койгон. Ошол маалда бул долбоор коррупциялык негизде гана түзүлгөнү, башка максат жок экени айтылган. Турмуш аны тастыктап, иш жүрбөдү. Анан эле күтүүсүз жерден Атамбаевдин бийлиги бир тараптуу келишимди бузуп, чыгып кетти. Орусиялык компания 37 миллион доллар инвестиция салганын, ага айрым курулуштар жасалганын айтып сотко берген. Аталган акчанын пайызы өсүп, азыр 51 миллион долларга жеткен. Эл аралык соттун чечимине ылайык, биз төлөмөй болдук. Бул дагы Атамбаевдин кыргызга кылган кыянаттыгы. Эгерде келишимден бир тараптуу чыкпай бир ай күткөндө, келишимдин өзү жокко чыкмак экен. Муну атайын кылганбы деген да ой кетет экен.

Жакында Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жеринен барып таанышып, 37 миллион доллар кетти деген жерге барганын видео тасма менен көрсөтүп берди. Социалдык баракчасына белгилеп: «Нарынга жумуштар менен барып, сөз болуп жаткан Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын дагы көрө кетейин деп бурулдум. Түшүнүктүү болсун үчүн видеого да тартып алдым. 2013-жылы Кыргыз Өкмөтү менен россиялык “РусГидро” ишканасы ГЭС куруу боюнча келишим түзүп, ага Атамбаев капсула салган. ГЭСти куруу даярдыктары жүрөт, бирок көп өтпөй эле Кыргыз Өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарып салат. Орусиялык компания болсо 37 миллион доллар инвестиция салганын, ага айрым курулуштар жасалганын айтып келет. Кыргыз тарап келишимди бир тараптуу бузуп салды деп “РусГидро” сотко берип, эл аралык соттон утуп алат. Ошол кездеги кыргыз бийлиги инвестиция катары салынган 37 миллион доллар кайда жумшалганын ачыктаган эмес. “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” болгон. 37 миллион доллар жумшалган курулуштун абалын – видеодон көрө аласыздар. Ал сумманын пайызы өсүп, азыр 51 миллион долларга жеткен. Ошол кездеги бийликтин шалаакылыгы дейбизби, жемкорлугу дейбизби, айтор ушул долбоор үчүн мамлекетти 51 миллион доллар карызга батырган. Жыйынтыгы “ноль”» — деп жазды.

Атамбаев алардан тышкары дагы энергетика тармагында олчойгон карыздарды алып, сол чөнтөккө солоп кетти. Мисалы, Датка-Кемин электр чубалгысын курууда 90 миллион доллардан ашык сумма уурдалган деп эсептеп чыгышкан. Бишкек ЖЭБин элдин баары билет, “600 долларлык кычкач” деген ат менен белгилүү болгон. 386 миллион доллардын 111 миллиону желип кеткени сотто далилденген. Алар болгону эски ТЭЦтеги 24 мештин болгону 2 мешин жаңылап коюшкан. Ошол маалда Тажикстан 349 миллион долларга 14 меши менен жапжаңы ТЭЦ салдырып алышкан. Негизи 2 мешке 275 миллион доллар кетмек эмес. Аны дагы териштириш керек.

“Кыргыз Туусу” гезитинин мурдагы Башкы редактору Мырзакат Тыналиев:

— Убагында бул долбоор боюнча макала жазгам. Башка ММКлар да жиликтеп чыккан. Биринчиден, ошол маалда инвестормун деп келген чехиянын “Лиглас” компаниясы айнек ийдиштерди дүңүнөн саткан фирма болгон. Тарыхында бир дагы долбоорду ишке ашырган эмес. Андан дагы кызыгы, гидро-энергетика тармагына таптакыр тиешеси жок болгон. Ал фирманы кытайлар негиздеп, саткан. Аны алгандар эл аралык деңгээлдеги шылуундар окшойт, бизге алдын ала 1 миллиондон ашык долларды күрөөгө койгон. Андан сырткары, Атамбаевдин тегерегиндегилерге “шапке” бергени айтылат. Биздин Чехиядагы элчилик Сапар Исаковго кат жазып, бул компания инвестициялык долбоорду ишке ашырган эмес деп кат жазган. Аны “шапке” алгандар деле билген. Эми убакыттын өтүшү менен “РусГидрону” четтетүү болгон. Ооба, алар 37 миллион долларлык жумушту аткарган эмес. Ошону көрүп туруп, 37 миллион долларлык иш жүрдү деген актыга кол коюп берген. Анын тууму көбөйүп отуруп 51 миллион долларга жеткен. Келишим боюнча ошол жылдын август айында ГЭСтин биринчи агрегатын ишке беришмек. Алар ишке бере албай турганы анык болуп калган. Августка чейин күтүп турганда, 37 миллион доого жыгылмак эмеспиз. “РусГидро” күнөөлүү болмок. Атамбаев бизнести түшүнгөн адам катары эмне үчүн алты ай күткөн жок? Менимче, билген. Бирок, кандайдыр бир жеке кызыкчылык үчүн ойногон.

Зулпукаар Сапанов