"Эркин-Тоо"

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев  АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын жана Мамлекеттик департаментинин «Азаттык медиасы» боюнча кайрылуусуна жооп берди.

Анын билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

«Алар алыскы жакта болгондуктанбы, бул жактагы жагдайды жеринен толук билбей, так түшүнбөй билдирүү жасаганы көрүнүп турат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык» чек арадагы окуя боюнча чындыкка дал келбеген маалымат таркатканы үчүн тийиштүү мыйзамдарыбызда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып барган.

Андан соң аталган министрлик сот органдарына кайрылган. Сот органдары териштирүүлөрдүн жүрүшүндө тиешелүү чечим кабыл алышкан. Сот бийлиги бизде көз карандысыз, чечимди өз алдынча кабыл алат. Алардын ишине кийлигишүүгө эч кимдин укугу жок», — деп жазды Султанбаев.

Ал Кыргызстан — ачык-айкын, эркин өлкө экенин, өлкөдө сөз эркиндигине жана эркин медиаларга эч кандай чектөө жок экенин белгиледи.

«Өлкөбүздө ар бир жаран өз пикирин ачык айтууга толук укуктуу жана алар ушул укугун толук кандуу пайдаланышат. Ошондой эле бардык уюмдар дагы ушундай укуктарга ээ. Бир гана шарт, өз ишмердигин мыйзамдарды так сактоо менен алып барышы зарыл. Андыктан аталган билдирүүлөр орунсуз жана негизсиз деп эсептейбиз жана биздин ички иштерибизге кийлигишпөөгө чакырабыз», — деди ал.

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Майкл Маккол Кыргызстандын бийлигинин «Азаттык» медиасынын ишмердигин токтотуу аракетине байланыштуу билдирүү тараткан.

«Мен Кыргыз Өкмөтүнүн «Азаттык» жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосун жабуу аракети аркылуу эркин жана көз карандысыз маалымат каражаттарына ачыктан-ачык кол салуусун айыптайм. «Азаттык» радиосу Кыргызстандын Конституциясында басма сөз эркиндигине кепилдик берилген Кыргызстандын жарандарын калыс жана көз карандысыз маалымат каражаттары менен камсыз кылат. Көз карандысыз маалымат каражаттарына болгон цензура кечирилгис жана Конституцияга каршы келет, мен кыргыз бийлигин «Азаттык» радиосун жабуу боюнча буйругун тезинен алып салууга жана медианын ишмердүүлүгүнө коюлган бардык чектөөнү алып салууга чакырам», — деп айтылган билдирүүдө.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча арызын карап, канааттандырган.

«Азаттыктын» жактоочулары бул чечимге каршы аппеляциялык арыз менен кийинки инстанцияга кайрылат.

Быйыл 23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Өткөн жылы 26-октябрда министрлик «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөгөн.  Ага «Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы «Настоящее время» телеканалынын сайтында былтыр сентябрда болгон Баткен окуясы тууралуу негиз болгону айтылган.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!