"Эркин-Тоо"

Чүйдө сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду

Чүй облусунда жылдык жүгүртүүсү 140 млн сомдон ашкан сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу КР УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларын уюштуруунун натыйжасында, ошондой эле өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу, сүт даярдоо боюнча жашыруун цехтердин ишине бөгөт коюлду.

Такталгандай, сүт өндүрүүчүлөр узак убакыт бою фермерлер менен сүт заводдорунун ортосунда ортомчу болушуп, алар элден сүттү арзан баада сатып алып, дыйкандарга сүттү түздөн-түз завод-фабрикаларга жеткирүүгө тоскоолдук кылып келишкен.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сүт сатып алуучулар антисанитардык шарттарда максималдуу пайда алуу максатында үй шартында быштак жана кычкыл сүт азыктарын өндүрүү үчүн чийки сүттү Бишкек шаарынын ири базарларында сатуу менен алгачкы иштетүүнү жүргүзүшүп, андан кийин алар сүт заводдоруна жеткирилгендиги аныкталган.

Мындан сырткары, сүт өндүрүүчүлөр салыктарды төлөөдөн качуу максатында кирешенин иш жүзүндөгү суммасын атайылап жашырышкан. Жашыруун цехтердин ишмердүүлүгү жылына 140 миллион сомдон ашык болгондугун, мында салыкка келтирилген алдын-ала зыяндын суммасы 34 миллион сомго жакынды түзгөн.

2023-жылдын 10-майында сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, чийки сүт өндүрүүчүлөрдүн ишмердүүлүгүн уюштуруучуларынын бири «А.М.» аттуу жаран кармалып, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча сатып алуу агенттеринин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү жүргүзүлүүдө.

КР УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан сүт азыктарын өндүрүүчү ири ишкерлердин жана бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар адамдардын катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!