"Эркин-Тоо"
Аймак

5200 орундуу спорт сарайы курулат

Жалал-Абад шаарында заманбап 5 200 орундуу спорт сарайынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Имарат Жалал-Абаддагы мурдагы “Айти” базарынын ордуна салынып, эл аралык турнирлерди өткөрүүгө ылайыкталмакчы. Ал үч бөлүктөн турат. Тагыраагы чоң спорттук аянтча, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана 200 унаа сыйган автотоктотмо курулат.