Нарын облустук бириктирилген ооруканасында 55 бала акысыз сүннөткө отургузулду. Оорукананын сынык-жаракат бөлүмүнүн травматолог-ортопед дарыгери Айбек Манапбаев орозо айында Ат-Башы районунун Ат-Башы, Өзгөрүш, Талды-Суу, Биринчи Май, Баш-Кайыңды айылдарына барып, жалпы 55 баланы акысыз сүннөткө отургузган. Айбек балдарды рамазан айында сүннөткөн отургузууну салтка айланткан. Дарыгердин айтымында бала төрөлгөн соң 7 күндөн кийин сүннөткө отургузуу ыңгайлуу.