"Эркин-Тоо"

Кыргызстандын футбол курама командасы жолдоштук беттеште Кувейтти жеңди

11-сентябрда Кыргызстан менен Кувейттин футбол курама командалары жолдоштук беттеш өткөрүштү.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, оюндун жүрүшүндө «Ак шумкалар» атаандаштарын 3:1 эсебинде жеңип алды.

Биринчи голду оюндун 43-мүнөтүндө Гүлжигит Алыкулов киргизип, андан кийин 77 жана 88-мүнөттөрдө Жоэл Кожо дубль жасоо менен курама команданын жеңишин камсыздады.

Белгилей кетсек, 7-сентябрда Кыргызстандын курамасы эмираттык «Аль-Наср» клубу менен жолдоштук беттеш өткөрүп, 1:0 эсебинде жеңилип калган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!