Үстүбүздөгү жылдын март айында «Милдеттүү медициналык камсыздандыруу» боюнча расмий документке өзгөртүүлөр кирип, Президент С.Жапаров кол койгон. Аталган мыйзам күчүнө киргенден тартып, Кыргыз Республикасынын жарандары эмгекке жарамдуу куракка жеткенден баштап (16 жаштан) милдеттүү түрдө милдеттүү медициналык камсыздандыруу алууга тийиш. Мындан кийин Кыргызстанда окуп, иштеп жаткан чет элдик жарандар да милдеттендирилгендиги, камсыздандырылган болуу пайдалуу экендиги тууралуу ММК фондунун төрагасы Азамат Муканов менен маектештик.
— Азамат Кеңешович, Милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду тууралуу учкай кеп кылып берсеңиз. Ал качан түзүлдү эле, азыркы учурда кандай иштеп жатат?
— Союз урагандан кийин Кыргыз Республикасында медициналык жардам арабөк жолдо калып, эл сапаттуу медициналык кызмат ала албай калган шартта ММК фонду түзүлгөн. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду алгач 1997-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ден соолук кассасы деп түзүлгөн. 1998-жылдан баштап Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду деп аталат. 1999-жылы КРнын медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамы кабыл алынып, фонддун тарифтери бекиген. Иш берүүчү иштеген жарандарга 2% милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүү жүргүзөт деген ошол мезгилдеги тариф бүгүнкү күнгө чейин күчүндө келе жатат. Аярлуу катмар үчүн республикалык бюджеттен 1,5 көрсөткүч эсебинде бир жылга 150 сом бекиген. Бюджеттик кодекстин негизинде 3 мыйзам бар. Кыргыз Республикасынын республикалык (Минфиндин) бюджети, Социалдык фонддун жана КРнын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу ММКФнын бюджети. Үч мыйзамдын бири бизге тиешелүү. Бул мыйзам жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бекитилип, Президент тарабынан кол коюлгандан кийин, анын негизинде иш алып барабыз. 2023-жылга бюджетибиз 28 млрд 770 млн сом өлчөмүндө бекиген. Бирдиктүү төлөө системасын жүргүзөбүз. Бул системага кирген 184 саламаттык сактоо уюмдары менен келишимдик негизде иш алып барабыз. Аларга акча каражаттарын бөлүп беребиз жана ага жараша медициналык кызматтардын сапатын талап кылабыз. ММКФ – мамлекеттик кепилдиктер программасын бирдиктүү төлөө системасынын алкагында иштеген саламаттык сактоо уюмдарынын аткаруучусу, аталган программаны иш жүзүнө ашыруучу мамлекеттик орган болуп саналат. Мамлекеттик кепилдиктер программасы калктын аялуу катмары үчүн зарыл болгон медициналык жана профилактикалык кызматтардын толук спектрин камсыз кылууга багытталган жана өлкөнүн артыкчылыктуу багыты бойдон калууда.
— Жаңы мыйзам боюнча устүбүздөгү жылдын 10-октябрынан тартып аталган фонддо жаңыча иштер жүрүп жаткандыгынан кабарыбыз бар. Медицина тармагында эми кандай өзгөрүүлөр жана жылыштар болот?
— 2023-жылдын 21-сентябрында №493 КР Министрлер Кабинетинин токтому менен Мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңы редакциясы иштелип чыгып, кол коюлгандан кийин “Эркин-Тоого” расмий жарыяланган. Аталган программада ар бир медициналык кызматтын көлөмү, шарттары ачык, айкын, так жазылган. КРнын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын медициналык тейлөөсү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин эмгекчи жарандары, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн медициналык тейлөө деп үч бөлүккө бөлүндү. Анда айрыкча, баштапкы медициналык жардамга көңүл бурдук. Анткени, ооруну айыктырганга караганда алдын алсак, чоң натыйжаларды берет деген максатта, профилактикага басым жасалды. Профилактика 1 жашка чейинки бөбөктөрдүкү өзүнчө, 1 жаштан 5 жашка чейинки балдардыкы өзүнчө жана 18 жашка чейинки мектеп окуучуларынын профилактикасы каралган. Шарттары өз-өзүнчө көрсөтүлгөн. Мындан сырткары аялдардын жана жалпы калктын профилактикасы, анын ичинде кандай профилактикалар бар экендигине, айрыкча календардык иммунизацияга өзгөчө көңүл бурулду. Бюджетибиздин тартыштыгына карабастан, тизмеге биринчи жолу социалдык статусу боюнча жаңы категорияларды коштук. Алар “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алуучулар, этникалык кыргыздар (кайрылмандар), Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучуларынын жесирлери, Ленинград блокадачыларынын жесирлери, Советтик Армиянын майыптары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү, Ички иштер органдарынын курман болгон кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, ВИЧ|СПИД менен ооруган энелерден төрөлгөн балдар, багуучусунан ажыраган балдар, пеницитардык жана пеницитардан кийинки пробациянын кардарлары.
Амбулатордук деңгээлде базалык, акысыз жана кошумча пакеттерге маани берилди. Базалык пакеттеги 12 изилдөөлөргө: кандын жана зааранын жалпы анализи, ЭКГ, вагиналдык микроскопия кирет. Мындан сырткары камсыздандырылган жарандарга кошумча пакет менен изилдөөлөр акысыз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталган жана камсыздандырылган полиси бар жарандарга 12 жана 42 анализ акысыз (анын ичинде УЗИ, рентгенография 50% жеңилдетүү менен) жүргүзүлөт. Эгерде камсыздандырылбаган жаран болсо, хирургиялык профиль менен 3-баскычтагы Улуттук борборлорго кайрылса 14 300 сомдун тегерегинде акы төлөйт, камсыздандырылган болсо — 1510 сом төлөйт. Ал эми, ошондой эле камсыздандырылбаган онкологиялык оорулууларга кошумча төлөм операция болгон учурда — 28120 сом түзөт, камсыздандырылган жаран болсо -12220 сом.
— ММК фондуна кайсы категориядагы адамдар үчүн мамлекеттик бюджеттен чегерүү жүргүзүлөт?
— 1999-жылдагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзамда милдеттүү түрдө камсыздандыруу мамлекеттик органдарга эле тиешелүү болуп калган. Мисалы, 2%ды иш берүүчү өзүнүн эмгек акы фондунан Социалдык фондго, Социалдык фонд бизге которуп берет. Ошол акча каражаты мен жогоруда айткандай 6 категорияга: пенсионерлер, 16 жашка чейинки же окууну бүтө элек балдар, жөлөк пул алуучулар, 21 жашка чейинки күндүзгү формада окуган студенттер, расмий органдарда жумушсуз деп катталган жумушсуздар, жана аскер кызматкерлери үчүн жыл сайын мамлекет республикалык бюджеттен ММК фондуна чегерүү жүргүзөт. Калган жарандар аты милдеттүү деп айтылганы менен, ыктыярдуу түрдө болуп келген. Анын ичинде чет элдик жарандар да бар. Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаров тарабынан ар бир жаран милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек деген тапшырма берилди. Анын негизинде мыйзамдын 8-9-редакциясынын 2 беренесине өзгөртүү кирип, мыйзам боюнча азыркы учурда милдеттүү түрдө ар бир жаран камсыздандырылышы керек. Мындан сырткары бизде окуп, убактылуу жашап, иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар дагы милдеттүү түрдө камсыздандырылышы зарыл.
— Азыркы учурда ММК фондунун полисине ээ болуп, катталган жарандардын саны канчага жетти?
— Бүгүнкү күндө 700 го жакын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталган жарандардын саны 6 млн 600 миңдей болсо, алардын ичинен 4 млн 900ү камсыздандырылган.
Камсыздандырылган адамдардын саны канчалык көп болсо, биздин медициналык кызматтардын сапатын жогорулатууга, ар бир жаранды персонификациялоого жана саламаттык сактоо системасына кошумча каражат жагынан кандайдыр бир деңгээлде салым кошууга өбөлгө түзүлөт.
— Иштеп жаткан жарандардын айлык акысынан ай сайын социалдык фондго кармалган төлөмдөрүнүн кандайдыр бир өлчөмү сиздердин фондго чегерилет экен. Ошондо алар дагы камсыздандырылган болуп эсептелинеби?
— Иштегендер автоматтык түрдө камсыздандырылган болуп саналат. Иштеп жаткан жарандар өзүнүн айлыгынан ММК фондуна төлөнүп жатат деп ойлошот. Бирок, алардын көпчүлүгү чөнтөгүнөн бир дагы сом ММК фондуна чегерүү кылышпайт. Бул туура эмес. Себеби, ар бир жаран өз ден соолугуна өзү камкордук көрүшү керек. Мисалы, Казакстанда иш берүүчүдөн 3%, иштеген жарандан 2% кармалып, 5% ММК фондуна чегерилет. Түркияда иш берүүчүдөн 6%, иштеп жаткан жарандан 6% милдеттүү түрдө кармалат. Бардык эле өнүккөн өлкөлөрдө иш берүүчү дагы, иштеген адам дагы өзү ММК фондуна чегерүү жүргүзүп турат. Өзбекстанда жаңыдан киргизилип жатат. Аларда Мамлекеттик медициналык фонд деп аталат. Канча керек болсо, мамлекет өзү каржылайт. Бизде болсо эң эле төмөн пайыз менен кармалат. 1999-жылдан бери тарифибиз өзгөрбөй, бүгүнкү күндөгү медицина тармагындагы сазга баткан ахыбалыбыздын бирден бир себеби ушул. Анткени, өз деңгээлинде каржылоо болбосо, иштин майнаптуу сапаты жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эмес. Бирок, мезгили келгенде бул иштер да бышып жетилет деп ойлойм.
— Жаңы мыйзам боюнча камсыздандырылган жарандардын саны көбөйсө, медициналык кызматтар да кеңейтилеби?
— Бүгүнкү күндө технологиялардын эсеби бейтаптын өзүнүн чөнтөгүнөн болууда. Жок дегенде бир бөлүгү биздин ММК фондунан болуп калса дейбиз. Бизге жарандар канчалык көп камсыздандырылса, медициналык кызматтар ошончолук кеңейет. 2026-жылга чейинки программабыз дагы ушул максатты көздөйт. 2+1 (иш берүүчүдөн 2%, өзүнөн 1%) болуп кирип калса, биз эмне деген иштерди жасайбыз? Түшкөн акча каражаты кайра эле саламаттык сактоо уюмдарына жумшалат. Биздин принцип – прогноз жасап, бюджетин берүү. Ар бир саламаттык сактоо уюмдары мыйзам боюнча өздөрүнүн автономиясынын негизинде бюджетин пландаштырып, акча каражатын ага жараша сарпташат. Мисалы, жабдыктарды алышат, инфраструктураларын өзгөртөт, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт.
Мыйзам күчүнө киргенден баштап жакшы жылыштар болду. Бир чети өзүбүз дагы маалыматтык кампанияны күчөткөндүн негизинде, бүгүнкү күндө бизден полис алгандардын саны улам көбөйүүдө. Аймактык башкармалыктардын кызматкерлери менен чогу базарларды, тигүү цехтерин кыдырып, эл аралап, айрыкча ММК фондуна катталбаган катмарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Анын негизинде 40 миң жаран алып, 60 млн. сом түштү. Салыштырып айтсак, былтыр бир жылдын ичинде 7 миңдей жаран алып, акча каражатынын суммасы 12 млн сом болгон. Азыр ага салыштырмалуу 5 эсе көбөйдү. Андан сырткары 22 жогорку окуу жайлары менен келишим түздүк. Учурда жогорку окуу жайларында жалпысынан 34 миңден ашык чет элдик студенттер билим алышат экен. Мыйзам боюнча чет элдик студенттер да милдеттүү түрдө ММК полисин алышы керек.
— ММК полисинин баасы канча сом турат?
— Баасы биздин жарандарга 1 жылга 1722 сом, ал эми чет элдик жарандарга 16 391 сом. Чет өлкөлүк жарандарга дагы бир өзгөчөлүк бар. Кыска мөөнөткө келгендерге 6 айга чейин деп 16 391 сомдун жарымы 8 196 сом өлчөмүндө тариф бекиген. Бул тариф жыл сайын жогору же төмөн болуп өзгөрүшү мүмкүн. Чет өлкөлүктөрдүн тарифи КР улутттук статистикалык комитетинен алган маалыматтарга таянып, алардын алган орточо айлык акысына жараша эсептелип, атайын ыкмалар менен түзүлгөн.
— Бишкек жана Ош шаарларында өткөн тегерек столдордо кандай маселелерди карадыныздар?
— Бишкек шаарында жана Ош шаарында өткөн тегерек столдун форматы өзгөчө болду. Ага Жогорку Кеңештин социалдык, бюджеттик саясат боюнча комитеттин депутаттарын, министрликтерден, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнөн, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн, Саламаттык сактоо министрлигинин жер жерлердеги координаторлорун чакырдык. Фракция лидерлеринен да барышты. Максаты – элге Мамлекеттик кепилдиктер программасын жеткирүү. 42 кошумча пакет, биринчи жолу кирип жаткан стоматологиялык жардамдар жөнүндө элге конкреттүү түрдө жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бердик.
Быйылкы жылы эле жеке өзүм 40ка жакын жолугушуу өткөрдүм. Ар бир облуска, райондоруна чейин барып Өкмөттүк эмес уюмдар, медицина кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин социалдык маселелер боюнча орун басарлары, мамлекеттик органдар, эң негизгиси жөнөкөй эл менен жолугуштук. Базарларды, тигүү цехтерин кыдырып маалымат бердик, тилекке каршы эл маалымат жагынан ачка экен.
Биз эл менен жер жерлерде жолугушкандан кийин биздин 113 шыр байланыш телефонубузга чалып, полис алуу боюнча кайрылгандар көп болууда. 113 шыр байланыш кызматыбызга бардык байланыш телефондорунан чалуу акысыз. Быйыл тогуз айдын ичинде 19 654 чалуулар түшкөн. Эми күнү-түнү иштей турган режимге өткөрөлү деп жатабыз. Бул ачык жана акысыз байланыш.
Калкка маалымат жеткирүү үчүн өзүбүздүн кызматкерлердин күчү менен мобилдик тиркемени иштеп чыкканбыз.
— 42 кошумча пакет жөнүндө айтып берсеңиз. Акысыз стоматологиялык жардамдар кимдерге берилет?
— Биринчи жолу кирип жаткан стоматологиялык жардамдарга токтоло кетейин. Мурда бул жардам 3 категориядагы –10 жашка чейинки балдарга, 70 жаштан жогорку пенсионерлерге жана боюнда бар аялдарга акысыз берилчү. Азыр камсыздандырылган жарандарга пульпит, кариес боюнча 50% жеңилдетүүнү киргиздик. Амбулатордук деңгээлде кошумча пакеттен сырткары күндүзгү стационар, физиотерапия кызматтарынын прейскурантына да 50% жеңилдетүүнү киргиздик.
Камсыздандырылган жарандардын артыкчылыктарын айтсам, бизде 2001-жылдан бери мамлекеттик кепилдиктер программасында кошумча пакеттер иштейт. Жеке менчик дарыканалар менен келишимдик негизде иш алып барабыз. Катталган жарандар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барып рецепт жаздырып алышса, биз менен иштешкен дарыканалардан дары-дармектерди жеңилдетилген баада сатып ала алышат. Кайсы дарыканалар деп кызыксаңыздар, ММК фондунун 113 шыр байланыш номерине чалып же ММК фондунун сайтынан http:Iifoms.kgIruIcpavochnikiI “Жеңилдетилген дары-дармек менен камсыздоо” рубрикасынан кененирээк маалымат алсаңыздар болот. Анда аймактарда кайсы дарыканалар иштейт, даректери менен кошо жазылган. Камсыздандырылган жарандар рецепт менен 50%дан 90%га чейин жеңилдетилген баада ала алышат.
Кепилдиктер программасы боюнча дагы бир пакетибиз бар. 5 ооруга 90%дан 100%га чейин дарыларды акысыз ала алышат. Бул категорияга: бронхиалдык астма, параноялык шизофрения, ар түрдүү генездеги аффективдүү бузулуулар, талма (эпилепсия) жана терминалдык баскычтагы онкологиялык оорулар менен ооругандар кээде гана рецепт менен дарылардын 10%ын эле төлөбөсө, көбүнчөсү акысыз алышат. Өмүргө керектелчү тизме Өкмөт тарабынан 2 жылда бир бекитилет.
— Жеңилдетилген рецепттер жазылып жатабы?
— Бүгүнкү күндө 9 айдын ичинде саламаттык сактоо уюмдары тарабынан 1 млн 281 миң 600 жеңилдетилген рецепт жазылды. Анын ичинен камсыздандырылган жарандарга 1 млн 206 миң рецепт жана жогоруда айтылган 5 категориядагы жарандарга женилдетилген рецепттер жазылды. 75100 рецепт жазылып, анын ичинен ММК фонду аркылуу төлөнгөн рецепттин жалпы суммасы 311 млн 800 миң сом болду. Прогнозубуз боюнча жыл аягына чейин беш жүз миллионго чейин жетет деген ойдомун. Камсыздандырылган жарандарды кошумча пакетти колдонуп, өз укугун пайдаланууга чакырып кетет элем. Катталууга жумшалган 1722 сомду 12 айга бөлсөк, айына 143 с 50 тыйындан айланат. Азыр уюлдук телефондорго бир айга мындай тариф жок. Же тамеки тарткандар тамеки үчүн мындан канча эсе көп акчаны сарпташат.
18 жаштан 65 жашка чейинки жарандар профилактика үчүн деле камсыздандырылып алышса, лабораториялык изилдөөлөрдү акысыз алышат.
6 категориядагы жарандарга республикалык бюджеттен 1 жылга 150 сом бөлүнөт. Ушул категориядагы камсыздандырылган жарандар эгерде ооруканага жатса, кеминде 15 миң сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалат. Ошондуктан, дарыланууга анчалык муктаж болбогон адамдар дагы камсыздандырылып алышса, балким ата-энесине, туугандарына же кимдир бирөөгө пайдасы тиет.
— ММК полисин кайсы жерден алышат?
— Элге ыңгайлуу болсун деп заманбап шарттарды түздүк. Полиске ээ болуу үчүн мобилдик тиркемелерди жүктөп, же терминалдар аркылуу жүргүзсө болот. Бул үчүн РСК, Бакай, Айыл банктары менен келишим түзүлгөн. Ошондой эле Мбанк аркылуу да ишке ашат. Тиркемедеги мамлекеттик кызматтардын ММК полисине кирип маалыматтарды алсаңыз болот. Тиркемелер О деньги, Quick Pay, 24 Pay, Оңой, ж.б. калк көп пайдаланган тиркемелерди жүктөп алуу керек. Бул убакытты үнөмдөйт жана ыңгайлуу, оңой жолу б.с. ММК полисин алгысы келгендер кааласа, терминалдар менен, кааласа аймактык башкармалыктарга барып алышса да болот.
Мамлекеттик кепилдиктер программасы бөлүктөргө бөлүнгөн. Ичин ачсаңыз ММК фонду деген тиркеме бар. Анда аялдарга, балдарга, камсыздандырылган жарандарга кандай кепилдиктер бар экендиги, ата-энелердин заметкалары, полисти кантип алуу керектиги, камсыздандырылгандыгы тууралуу статусун текшере алат, ж.б.
Маектешкен Бактыгүл КУЛАТАЕВА