16-17-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө медициналык иш-аракеттерди (косметологиялык процедуралар) жүргүзгөн сулуулук салондоруна текшерүү жүргүзүлдү.
Министрликтен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон аныкталып, 84 миң сом айып пул салынды.
Аталган косметология мекемелери Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеп, тиешелүү уруксаат кагаздары жок мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүшкөн.
Калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында КР Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.
Аталган кызматтарды көрсөтүү менен медициналык ишмердүүлүккө лицензиясы бар жеке медициналык уюмдардын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтынын “Медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо” бөлүмүнөн төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.