Жалал-Абад шаарында жергиликтүү криминалдык кагылышууларды уюштуруп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Мекеме акыркы убакта Жалал-Абаддын ар кайсы райондорунун жана шаар четиндеги айылдардын жаштарынын арасында криминалдык кагылышуулар көбөйгөнүн белгиледи.
«Бул мушташтар көп учурларда коомдук жайларда, денелерине оор залал келтирилип, курал-жарак жана травматикалык ок атуучу куралдарды колдонуу менен болуп жатат.
Алар өздөрүн кылмыштуу топтордун лидери катары көрсөтүп, кээ бирлери Жалал-Абад шаарындагы кичи райондордун кароочусу деп атап алышкан. Алардын ишмердигинде белгилүү бир иерархиядагы жана структурадагы уюшкан кылмыштуу топтун белгилери байкалып, катарына спорт менен машыккан жаштар тартылып турган», — деп айтылат маалыматта.