Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн коопсуздугу Президенттин көзөмөлүндө экенин белгиледи.
Жыйында депутат Акбөкөн Таштанбеков «Ташиев мырза Кыргызстандын бир жылдын бюджетин өзү толтуруп койгон экен. Криминал менен дагы башкасы менен да күрөшүп жатат. Аны, анын үй-бүлөсүн коргоп жатасыңарбы?»,- деп суроо узаткан.
«Садыр Нуркожоевич өзгөчө көңүл бөлүп жатат. Бир кыл чачын түшүрүүгө мүмкүнчүлүк бербейбиз», — деп жооп берди Акылбек Жапаров.
УКМКнын төрагасы «өмүрүбүзгө коркунуч келет экен деп олтурсак анда мамлекет өзгөрбөйт», — деди.
Буга чейин мамлекет башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов “Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын аткарган милдеттерин эске алуу менен аны кайтаруу мурда эле күчөтүлгөн. Азыр андан да күчөтүлдү”, — деп билдирген.