Кыргызстандын Түркиядагы маданият күндөрү жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жыйынтыктоочу маданий иш-чара Анталия шаарындагы Хашим Ишжан атындагы Мамлекеттик опера жана балет театрында өттү. Анда чоң концерттик программа көрсөтүлдү.
Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, КР маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Түркиянын Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин, Кыргызстандын Стамбул жана Анталия шаарынын башкы консулдары, Кыргызстандан барган расмий делегация, атайын чакырылган расмий меймандар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана Түркияда жашаган кыргызстандыктар катышты.
Элчи Казакбаев акыркы жылда өлкө ишенимдүү кадамдарга барып, Кыргызстан күчтүү жана жаркын келечегин куруунун жолуна түшүп жаткандыгын айтып, аны менен катар мындай эл аралык кызматташуу ага бекем пайдубал болоорун мисал келтирди.
Ал эми министрдин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев буга чейин маданият күндөрү алгач 1992, 1993-жылдары болуп өткөнүнө токтолуп, бул ирет маданий иш-чара Кыргыз Республикасынын 32, Түркия Республикасынын негизделишинин 100 жылдыгына жана түрк дүйнөсүнүн улуу, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өтүп жатышынын маанилүүлүгүн белгиледи.
Анталия облусунун губернатору Хулуси Шахин Анталияда өтүп жаткан Кыргызстанын маданият күндөрүнүн өтүп жатышы менен куттуктап, өз кезегинде кыргыз-түрк элдеринин боордош, бир тууган эл экенин, мындай алака жана байланыш эки элди жакындатып, мамилесин бекемдей турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын маданият күндөрү 26-ноябрда расмий ачылган.