"Эркин-Тоо"
Коом

Чүй облусунда 2023-жылы 55 социалдык объект пайдаланууга берилди

Чүй облусунда 2023-жылы 55 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жалпысынан 73 обьектте курулуш иштери жүрүп жатат. 11 объект активдүү курулуш процессинде болсо, 7 объект аяктоо алдында турат.

Курулуш жүрүп жаткан 73 объекттин 17си республикалык бюджеттен, 12си жергиликтүү бюджеттен каржыланса, 44 объект кайрымдуулук уюмдарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Тактап айтсак, алар — 15 мектеп имараты, 7 бала бакча, 21 спорт объекти, 7 фельдшердик-акушердик пункт, 6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору, 5 социалдык шаарча, 2 реабилитациялык борбор жана 10 суу түтүгү жана суу мунаралары.