Алай районунун Чоң-Бүлөлү айылында 6 жашар наристенин сөөгү тоңгон муздун алдынан табылды. Бул тууралуу 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чоң-Бүлөлү суусунун жээгиндеги тоңгон муздун астына 6 жаштагы Д.А. аттуу кыз чана тээп жатып түшүп кеткен.
«Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын жансыз денесин муздун астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.