"Эркин-Тоо"

60 миң сом опузалап талап кылган шектүү кармалды

Опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун 1964-жылы туулган А.К. аттуу тургуну 2022-жылдын май айында “К” аттуу жаран жабырлануучунун үйүнө келип, ар кандай шылтоолорду айтып, 60 миң сом акча каражатын опузалап талап кылып, бербесе башкача жол менен аламын деп коркутканын айтып ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Жабырлануучу акча жок экендигин айткан учурда «45 миң сом бересиң» деп кеткен жана коркконунан 30 миң сом алып барып бергенин билдирип, “К” аттуу жаранды таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты 2022-жылдын 5-сентябрь күнү Нарын ОИИБи тарабынан каттоого алынып, кылмыштын белгилери байкалгандыктан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ( Опузалап талап кылуу) менен иш козголгон.

ИИМдин КИББдин 3–башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жумгал районунун 1983-жылы туулган С.К. аттуу тургуну экендиги маалым болгон. Шектүү жаран тергөө кызматына жеткирилген. ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!